Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери акыйкатчы Токон Мамытовго көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен келишти. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, алар мамлекеттен турак жайларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала албай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына дары-дармектерди арзандатылган баада сатып ала албай кыйналып жаткандарын айтып даттанышты.

«Акыл-эсинин өсүүсү кечеңдеген же артта калган балдарга керектүү дары-дармектер өтө кымбат. Мындан тышкары ата-энелер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майыптыгы үчүн текшерүүдөн эки жыл сайын өтүшү керек болгон талаптарга нааразы экендигин билдиришти. Себеби бул ири каржылык чыгымдарды талап кылат. Ошондой эле балдарды атайын мектепке чейинки жана билим берүү мекемелерине жайгаштыруу өтө кыйын болуп жаткандыгына нааразы болушту. Анткени билим берүү жайларындагы орундардын саны өтө эле чектелүү», — деп билдиришкен ата-энелер.

Акыйкатчынын пикиринде, 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ратификациялаган Бириккен улуттар уюмунун «Майыптардын укуктары жөнүндө» конвенциясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ушул жана башка көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

2019-жылдын 1-январына карата 181 миң 400 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турса, анын 29 миң 900ү балдар.