2021-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында, Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын полковниги Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери, ардагерлери жана чакырылган меймандар катышышты.

 
Салтанаттуу аземдин башында, иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ички аскерлердин ардагерлерин эскерүү менен “Баатырлар аллеясынын” өчпөс отуна гүлчамбар коюшту. Андан кийин Ички иштер министринин жана меймандардын назарына 714 аскер бөлүгүнүн “ШЕР” аскер кызматкерлери тарабынан даярдалган кол уруш ыкмалары тартууланып, күжүрмөн техника жана курал-жарактын көргөзмөсү уюштурулду.
Салтанаттуу иш-чаранын андан кийинки бөлүгү Ички аскерлердин клубунду уланды. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ички аскерлердин штандартын Колбашчыга тапшырып, аскер кызматкерлерин куттуктоо менен төмөнкүлөргө токтолду: “Бүгүн мурдатан келе жаткан салтка ылайык, Кыргызстандын эли эр азаматтарыбыздын эрдиктерин эскерүү менен, Ата Мекен үчүн курман болгондорго таазим кылып, эскерип келет. Учурда Ички аскерлердин жоокерлери, арадагерлерибиздин даңктуу жолун улантуу жана алардын жаш муунга калтырган осуяты менен кызматын аткарып келишет. Алар өзүлөрүнүн кайраттуулугун, кыраакылыгын жана Аскердик антка бекемдигин далилдөө менен мамлекетибиздин коопсуздугунун сакчылыгында кызмат өтөп келүүдө”.
Салатанаттуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин жана ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысынын буйругу менен бир топ аскер кызматкерлери жана ардагерлери медаль, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда, көрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскердик оркестринин аскер кызматкерлери жана көрөм чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.

ИИМдин Ички аскерлерини Басма сөз кызматы