Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорт жаатындагы токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы токтом долбоору боюнча коомдук муниципалдык унаалардагы (автобус, троллейбус) жол кирени 11 сомго, жүргүнчөлөрдү ташыган жеке менчик компаниялардын кичи автобустарындагы жол кирени 15 сомго көтөрүү сунушталууда.

Токтом долбоорунда коомдук унаалардагы жол киренин өлчөмү 2012-жылдан бери өзгөрбөй келгени айтылат.

«Элдин кирешеси көбөйгөнүнө карабай муниципалдык транспорт ишканаларынын жана жүргүнчүлөрдү ташыган жеке менчик компаниялардын кирешеси 2012-жылдагы бойдон калып калган», — деп айтылат маалыматта.