«Kadam-media.kg» маалымат порталы  жеке куржунга келген окурмандардын каттарын сиздер менен бөлүшүүнү улантабыз.

 Таштай үнсүз болгонум менен, ичимдеги кыйкырыкты бирөө жарым укса дейм. Анан сиздерге жазууну туура көрдүм. Атым Айкөкүл.

Мындан канча жыл мурда мени ала качып кетишкен. Атам аябай оор мүнөз болгондуктан, барган жерден келмек жок деп отургузуп койгон. Моюн сунуп отуруп калганым менен, атама болгон сый-урматым, жакшы көрүүм жек көрүүгө айланды.

Жолдошума такыр ичим жылыбай койду, канча аракет кылганым менен сүйүүнү чакырып ала тургандай конок эмес экен. Баарына кайыл болуп жашап жүрдүм, ал арада кетип да көрдүм, кайрадан эле атам ээрчитип келип, басып кетти. Ошондой күндөрдүн биринде, Орусиядан кайним келип калды. Бир көргөндө жактыруу эмне экенин ошондо түшүндүм. Канат байлап алгандай болуп, аны көргөндө учуп кала турган болдум. Мурун бул үйдүн көркү жок, кунарсыз болсо, ал келгенден кийин бир карыш эшикке чыккым келбей калды.

Кайнимдин атын айтпай эле койсом, жаман көрбөстүрсүз. Алмалар байлап, аны сатуу маалында кайним экөөбүз чогуу терип бермей болдук, жолдошум топтолгон алмаларды сатып келгени кеткенде, кайнимдин жактырганы бар болду бекен деген кызыгуумду тынчытайын деп, сурамакка өттүм. Ал бирок, «айтпай эле коеюн, анткени ал экөөбүз бирге боло албайбыз» – деп кесе сүйлөдү.

Алыста окшойт деп ичимден тызылдап, кадимкидей кызганыч мени кыжалат кылып баштады. Ал арада өзүмө таң калып бүтпөйм, мурун кыжырданып ар нерсеге жинденип, жолдошумдун жакшы сүйлөгөнүн деле жактырбай кагып-силкип салчумун. Кайнимдин келиши көп нерсени өзгөрттү, мени жана жашоомду.

Бир жолу кечке маал малдарды жайлап жүрсөм, жаныма келип, «жеңе, мен бирөөнү жакшы көрөм, болгондо да келесоодой жакшы көрөм» – деп кумарлуу  карап калды. Мен дагы түшүнбөгөн адам болуп, «ал ким?» – деп сурамыш болдум. Жаныма келип колумдан кармап эле, ары жактагы сарайга ээрчитип барды. Чыныгы махабатты мен ошондо түшүндүм. Көрсө, жашап жүргөн күндөрүмдүн даамы деле жок экенин ошондо гана сездим.

Бир күнү эле боюмда бар экенин билдим. Жолдошумдун кубанычында чек жок, анткени көпкө чейин балалуу болбой жүрдүк. Кайним болсо боюмда бар экенин билгенде, кайрадан Москвага  кетип калды. Азыр болсо ошол балам 2 ге чыкты, кебетеси, турган турпаты жазбай кайнимди тарткан, эстеген сайын ичим өрттөнө берет, же жолдошума айта албайм. Ал жарам бүтөлө электе, жакында кайним үйлөнүп алды, бул жакка келбей эле, тоюн ошол жерден өткөрдү. Аябай көргүм келет, баласы тууралуу айткым келет. Бирок, тынч жашообуздун быт-чыты чыгабы деп корком. Экинчиден жолдошума болгон таштай муздак сезим менен жашоо кечирүүдөн, аны да өзүмдү да алдоодон чарчадым…