Райымбек Матраимов өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албайт. Мындай пикирин Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Матраимовду камакка алууга эч кандай негиз жок. Анткени ал тергөө менен кызматташууга макул болгон. Матраимов өзү азыркы айыптоо боюнча күнөөсүн мойнуна албайт», – деди жактоочу.

Булак: NazarNews.kg