Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча тышкы саясатта алган жолу алакаларды мындан ары чыңдоого жана ар тараптуу кеңейтүүгө багытталат.

Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдорун талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Россиянын ишкерлер чөйрөсү менен баарлашуусу, ошондой эле мекендештер жана Россияда окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушуусу өтөт.