Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Мадина Ниязова билдирди.

Эске салсак, УКМКнын алдында Райымбек Матраимов кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагылууда. Ал 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө шектүүнү камакка алуу боюнча өтүнүч келтирет.

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кароону аяктады. Судья Гүлзат Дыйканбаева аны коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салып, айыпталуучунун мүлкүн камакка алууну жокко чыгарган.