Ысык-Көл ОИИБде онлайн-режимде, үстүбүздөгү жылдын 19-январынан 19-февралына чейинки мезгилде өткөрүлгөн «Арсенал» комплекстүү иш-чарасынын жыйынтыктары чыгарылды. Иш-чаранын негизги максаты курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу, ошондой эле ок атуучу куралдар менен байланышкан кылмыштардын алдын алууга багытталган.

 
Бир айлыктын жүрүшүндө 700дөн ашык милиция кызматкерлери жана 150гө жакын коомчулуктун өкүлдөрү катышып, алар тараптан 23 уруксат берүү объектилери, 3 миӊден ашык мергенчилер жана травматикалык, белеке берилген куралдардын ээлери текшерүүдөн өтүштү.
Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында 110 мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынды, ошондой эле курал-жарактардын сактоо жана катоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн Бузуулар кодексинин негизинде 451 протоколдо түзүлүп, 51 миӊ сомго айып пул салынды.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, бир айлыктын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине Жети-Огүз районунун аймагында «Маку» аттуу жаран үйүндө мыйзамсыз снайпердик мылтыкты сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча тийиштүү издөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал, Саруу айылынын 43 жаштагы тургуну А.М. болуп чыгып, анын үйүндө санкцияланган тинтүү жүргүзгөндө, үйүнүн чатырына катып койгон «Тигр» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал оптикасы менен алынды.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 253 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Ок атуучу куралдын кайсыл жерден чыкканын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалды.
«Бир айлыктын жүрүшүндө, милиция кызматкерлеринин ишинин негизги багыты мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталды. Натыйжада, 100гө жакын жаран өз ыктыялары менен ата-энесинен же туугандарынан катталбай калып калган ок атуучу куралдарды өткөрүп беришти. Тиешелүү экспертизаларды жүргүзгөндөн кийин, эгерде бул куралдар ар кандай укук бузууларда байкалбаса, анда алар өз ыктыяры менен куралдарды тапшырган жарандарга кайрадан катталат”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Бекишев.
Бир айлыктын жүрүшүндө 61 мурда катталган кылмыштардын бети ачылды, издөөдө жүргөн 4 кылмышкер колго түшүрүлдү, баӊги заты менен байланышкан 12 кылмыш аныкталды.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы