Марс планетасында тартылган алгачкы тасма Жерге жиберилди.  Кызыл планетада, бир он жылдан кийин адамдар туруктуу жашап калышы мүмкүн. Ал эми 2100-жылы миллиондогон калкы бар шаарга айланат. Мындай пикирин «Марс коомунун» президенти, инженер жана Марсты изилдөө боюнча энтузиаст Роберт Зубрин билдирди.

Маалым болгондой, америкалык Perseverance изилдегич аппараты 19-февралдын түнү Марстагы Езеро кратеринин аймагына конгон. NASA жүргүзгөн иликтөө миссиясына Марста жашоо барбы деген суроого жооп издеп, баа берүү кирген. Perseverance Жерге алып келген топурак ар тараптуу изилдөөгө алынмакчы.

«Бул жылы миң адамды жөнөтүүгө болот, алар Марста көптөгөн адамдын жашоо шартын камсыздоо үчүн индустриялык жана айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн түзүп турушат. Кызыл планетага адамдар канчалык көп учса жана ошол жактан балдар төрөлсө калктын саны өсүп, 2070-жылы миллиондук шаар же 2100-жылы андан дагы көп болушу ыктымал», — деп айткан Зубрин.