Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков 22-февралда коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү, милициянын көчмө кабылдамаларынын иши жана ыкчам кызматтык ишмердигинин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.
 
Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Онлайн кеңешме учурунда өлкөнүн бардык регионунда коомдук коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар коюлду.
ИИМ башчысы коомдук тартип сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу, иликтөө, кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөө, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу тапшырмаларын койду. Милициянын көчмө кабылдамалардын ишин күчөтүү, жер-жерлерден ИИОнун начальниктери түздөн-түз өздөрү катышып, элдин суроо талаптарын угуп аны өз убагында чечүү маселелерин күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле ички иштер органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруудагы басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгү дагы каралды.
“Биз коомдук тартип, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо багытын күчөтүү керекпиз. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында профилактикалык иштерди күчөтүү керектигин белгилеймин. Катталган кылмыштардын, жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү жана өз убагында сот органдарына жиберүү керек. Милициянын көчмө кабылдамалары мал базар күндөрү Кыргызстандын мал базарларында да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керек. Мал уурулуктун алдын алуу, мал базарлардагы ар кандай укук бузууларга жол бербөө, ыкчам иштерди жүргүзүү, мал уурулуктардын бетин ачуу иш-чараларын күчөтүү керектигин баса белгилеймин ”,- деди Улан Ниязбеков
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат. Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.
ИИМдин Басма сөз кызматы