Шашылыш билдирүү : 2021-жылдын 24-26-февралдарда туруксуз аба-ырайы сакталып турат.  Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.


25-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-26-февралдарда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн     -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6…    -11° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, 26-27-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат