Россия баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 5,2 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Фейсбуктагы расмий баракчасында айтылат.

Ага ылайык, Россия Федерациясынын өкмөтү 5,2 миллион долларды акысыз негизде берет. «Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 2021-2022-жылдары каржылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

🇷🇺🤝🇰🇬О помощи России Киргизии в борьбе с незаконным оборотом наркотиков
=====================================
Правительство Российской Федерации выделило Киргизии на безвозмездной основе 5,2 млн долл. для борьбы с незаконным оборотом наркотиков. Финансовая, материально-техническая и организационная помощь будет оказана Службе по борьбе с незаконным оборотом наркотиков МВД Киргизии в 2021-2022 гг.

Russian Foreign Ministry — МИД России