2021-жылдын 16-февралында Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барып, ТРнын Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстан Республикасынын атайын кызматы тарабынан кармалган.

Бүгүн 22-февралда кармалган жарандардын жакындары КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмурбек Суваналиевге кайрылышты.

Ыйгарым укутуу өкүл, “учурда укук коргоо органдары тарабынан, кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата энеси Тажикстан Республкикасына барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөөрүн билдирди.

Ошондой эле чек аралаш аймакта орун алган маселелерди, мыйзам чегинде, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.

Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келээрин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Албетте күнөөсү аныкталса.

Белгилей кетүүчү нерсе, КРнын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан, Тажикстан Республикасын аймагына өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлейк районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекети.

Башка аймактан өтүү, чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, чек аралаш аймактардагы жарандардын, атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, ТРнын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.