Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов артериалдык кан басымга байланыштуу даттанды. Бул маалыматты АКИpress агенттигине бүгүн, 22-февралда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирген.
Анын айтымында, бүгүн УКМКнын абагына барып, камактагы жарандардын шарты менен таанышкан.
«УКМКнын абагынан (СИЗО) Матраимовго медициналык кызмат көрсөтүлүп жатат», — деди ал.
Эске салсак, Райымбек Матраимов УКМКнын абагына 2 айга камакка алынган. Мындай чечимди 20-февралда Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова бул чечим менен макул эмес экенин айтып, 5 күндүн ичинде жогорку инстанцияга даттанарын билдирген.
Булак: Акипресс