Шейшембиде күндүз республика боюнча жамгыр жаашы болжолдонду. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +8…+10 градус болору кабарланды.