Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети опузалоого шектүү катары жергиликтүү интернет сайттардын биринин жетекчисин кармады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Жабырлануучу патрулдук милиция тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылган. Ошол учур аталган интернет сайтка видео материал болуп чыккан. Аны өчүрүү үчүн журналист 84 миң сом талап кылган. Акчаны алып жаткан жеринен М.У.К аттуу журналист 22-февралда кармалды.

Айрым маалыматтарда кармалган журналист kabarlar.org сайтынын жетекчиси Үмүт Муканбетова болушу мүмкүндүгү айтылууда.