Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын аянтчасында бүгүнкү майрамга байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кызматтык милдеттерин аткарууда артыкчылык көрсөткөн башкармалыктын кызматкерлери ИИМдин, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын сыйлыктары менен сыйланышты.

Жалпысынан 100гө жакын башкармалыктын кызматкерлери, Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо салымдарын кошуп келишкен ички коопсуздук аскерлиринин жоокерлери, ИИО ардагерлери сыйлыктарга ээ болушту. Ардак громаталарды, алкыш баракчаларын, төш белгилер менен медалдарды салтанаттуу түрдө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов тапшырып, өздүк курамга өз куттуктоосун дагы билдирип өттү. «Бүгүнкү майрамыӊыздар менен куттуктап жатып, Сиздерге, үй-бүлөӊүздөргө чыӊ ден соолук каалаймын. Ар дайым элибиздин коопсуздугун коргоого арналган кесибиӊиздерде ийгиликтер коштоп жүрсүн. Элибиздин коопсуздугунун, ачык асманынын символу болуп жүрө бериӊиздер!» деди шаардык милиция башчысы Акылбек Мамасейитов.
Өздүк курамды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ардагердер кеӊешинин төрагасы Касым Кадыров дагы куттуктап, улуу муундун, ата-бабаларыбыздын салтын улап, ар дайым биримдикте Мекенибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүнү унутпоо зарылдыгын эскертти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
23.02.2021-жыл