Бишкек-Ош унаа жолунда түн ичинде каттамдын ар кайсы бөлүгүндө төрт жолу кар көчкү түштү. Бул тууралуу  Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги билдирди.

Бир күн мурун, болжол менен саат 18.30 чамасында Бишкек-Ош жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн. Анын узундугу 150 метр, бийиктиги 2-3 метр болгон. Жол кызматкерлеринин күчү менен унаа жолу кардан тазаланып, өтмө жол улантылды.

Саат 01.00дө, жолдун 224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунун аймагында узундугу 250 метр жана бийиктиги 2-2,5 метр болгон кар көчкү түшкөн. Түнкү саат төрттөрдө жолдун 226-чакырымында узундугу 200 метр кар көчкү түшүп, бийиктиги 2-2,5 метрге жеткен кар көчкү дагы түшкөн. Эртең мененки саат 7.15те жолдун 223-чакырымына узундугу 30 метр жана бийиктиги 1 метр болгон кар көчкү түшкөн.

«Азыр жол толугу менен кардын массасынан тазаланды. Ашууларда катуу бороон болуп жатат. Жол кызматкерлери жолду кар көчкүдөн тазалап жатышат », — деп белгиледи Транспорт министрлиги.