«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова кечээ, 23-февралда сабалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кесиптештеринин маалымдашынча, Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабаган. Экөөнүн мурдатан мамилеси начар болгон. Кифаят Аскерова №4 шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды. Чатакташуу учурунда Бралкеева да жабыркаганы  айтылууда.

Кифаят Аскерованын сабалганы тууралуу маалыматты шаардык милиция да ырастады.

Милициянын маалыматына караганда, редактордун сабалганы тууралуу маалымат 23-февралда, саат 16:30 чамасында түшкөн. Учурда иш иликтенип жатат.

Кифаят Аскерова «Слово Кыргызстана» басылмасына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы баш редактор Курманбек Мамбетовдун ордуна дайындалган.