Чүй облусунун Кемин районунда 31 жаштагы аял дайынсыз болуп изделүүдө. Ал жайыттан мал айдап келүүгө кеткен бойдон кайра келген эмес. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-февралда Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине куткаруучулар тартылды. Бүгүн, 24-февраль күнү издөө иштери улантыларын  аталган мекемеден кабарлашты.