“Журналисттер” КБ Кыргызстандын жети облусунун диний кызматкерлерин окутууну баштады.

Окутуулар үч күнгө созулуп Бул окутууга Бишкек, Ош, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад, Баткенден келген маалымат катчылары менен диний кызматкерлер катышууда.

Катышуучулар телефондо кайсыл программа менен фото сүрөттү кантип тартуу керек, аны кантип иштетсе болоорун жана ошол эле смартфондо видеону кантип тартса болоорун, кайсыл программа менен топтошту (монтаж) өздөштүрүүдө. Ошондой эле бүгүн Марат Токоев Мультимедиалык материалдарды даярдоого колдонулуучу мультимедиалык форматтар менен онлайн аспаптарды пайдаланганды үйрөтөт, андан тышкары 3 күндүн ичинде чыр чатактардын чыгуусунун себептерин, аларды чечүүнүн жолдорун айтып беришет.

Окутуу Европа Биримдигинин каржылоосунун негизинде Internews in Kyrgyzstan уюму ишке ашырган “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” аттуу долбоорунун алкагында, өткөрүлүүдө.

Окутуунун тренерлери медиа эксперт, тренер “Журналисттер” КБ мүчөсү Марат Токоев жана “Журналисттер” КБ төрагасы, медиа тренер Марс Тулегенов.