Бишкекте N70-гимназия мектеби эки жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын билим берүү бөлүмү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, билим берүү мекемесинде төрт COVID-19 учуру аныкталды: эки окуучу жана эки мугалим.

«Мектеп эки жумалык  аралыктан окутуу режимине өткөрүлдү», — деп билдиришти департаменттен.

Белгилей кетсек, 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары борбордук мектептерде салттуу режимде билим алышат.