25-февралдан тарта Чехиянын жашоочулары эл көп чогулган жерлерде респиратор,  наномаска, же эки медициналык беткап  тагынууга милдеттендирилди. Бул тууралуу  РИА Новости  жазды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Ян Блатнинин айтымында, бул британиялык коронавирус штамынын жайылышына байланыштуу. Жаңы талап, дүкөндөргө, ооруканаларга, коомдук транспортторго жана аялдамаларга тиешелүү болот.

Ошол эле учурда, дарыгерлер көптөр үнөмдөө максатында бир респираторду узак убакытка чейин колдонушат, бул аны инфекциянын кошумча булагына айландырат деп коркушат.

Маалыматта айтылгандай, Чехияда өзгөчө режим киргизилди, саат 21.00дөн 5.00гө чейин коменданттык саат иштей баштады.