Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында жана КРнын саламаттык сактоо министри Алмазбек Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси А. Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, Кыргыз тарабына гуманитардык жардам катары COVID-19 ооруусун аныктоого 1100 миң ПЦР-тест жабдыктары берилди.

Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигине берилди. Аталган гуманитардык жүк Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда жөнөтүлөт.