Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында айдоочу рулга ээ боло албай жардан кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка карганда, унаада айдоочу гана болгон.

«24-февраль күнү саат 23:30 чамасында Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун Капчыгай тилкесинде Тойота-Естима үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан кулап кеткен.

Унаада 1 эркек адам болгон. ӨКМнын куткаруучулары жерине барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, жаракат алган айдоочуну Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткиришкен. Абалы канааттандырарлык», — деп жазылат билдирүүдө.