Өзбекстанда жана Тажикстанда өрүктүн, алчанын, бадамдын, жүзүмдүн жана башка өсүмдүктөрдүн эрте гүлдөөсүнө байланыштуу түшүмүн үшүк алуу коркунучунда турат.

Коңшу өлкөкөлөрдө кечээ, 24-февраль түштөн кийин кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөгөн. Кийинки беш күндүн ичинде түнкүсүн суук минус 10го чейин жана андан да төмөн болушу күтүлөт. EastFruit эксперттеринин айтымында, Борбор Азиянын дээрлик бардык аймактарында эрте отургузулган картошка жана пияз сыяктуу өсүмдүктөргө коркунуч туулууда.

Эксперттер алдыдагы суук аба ырайынан түшүмдүн жоготуулары олуттуу болушу мүмкүн дешет. Болжолдуу түрдө:

бадам түшүмүнүн 55-60%;

өрүктүн эрте гүлдөгөн түрлөрү үчүн — 70-80%,

өрүктүн гүлдөбөй калган башка сорттору үчүн — 30-35%;

кара өрүк — 35-40% ын үшүккө алдырып, түшүмдүүлүк аз болоору  айтылууда.