Кыргызстанда окуучулардын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында мектеп алдында чарба уюштурууга уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Ага ылайык, мектептин аймагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы бар болсо чарба уюштуруп жер жемиш өстүрүүгө укуктуу болот. Ал эми жер тилкеси жок жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору жер үчүн жергиликтүү бийликке арыз менен кайрыла алат.
«Мектеп алдында чарбаларды уюштруу, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, ошондой эле алардын азык-түлүк рационун кеңейтүү аркылуу окуучулардын тамактануу сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет» — деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.
Маалыматка карганда, учурда республиканын 1485 мектебинде 1-4 класстын окуучулары үчүн ысык тамактандыруу уюштурулган. Мамлекеттик бюджеттен жылына бир окуучуга 7-10 сомдон болжол менен 500 млн сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын тамактануу рационун тийиштүү түрдө түрлөнтүп, витаминдештирүүгө мүмкүндүк бербейт.
Аталган чечим ошондой эле мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алуу, санитардык-гигиеналык шарттарды, ошондой эле мектеп инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Булак: Т-Медиа