Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги Туратбек Бейшекеевди ардактуу эс алууга узатышты.


1993-жылдан бери Ички иштер органдарында кызмат кылып келген. Ар дайым жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланган ак ниети менен өз кесибин сүйүп эмгектенип келген.
Кезегинде, Биринчи май райодук күзөт бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Алмаз Момбеков ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана эң башкысы бактылуулук каалап, кызматка ак ниети менен кызмат кылганына ыраазычылыгын билдирип, өздүк курамдын атынан салтка айланган ак чапан жана калпак кийгизип, белектерин тартуулашты.
Жыйынтыгында Туратбек Бейшекеев ыраазычылын билдирип, бардык жумушчу жамаатынын иштерине ийгилик каалады.

ИИМдин ККнын Басма сөз кызматы