Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун  экинчи расмий иш сапары Өзбекстанга болмокчу. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, иш сапарга даярдыктар башталды — Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин биринчи орун басарларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө тиешелүү уюштуруу маселелери талкууланды. Азырынча иш сапардын күнү аныктала элек. Тышкы иштер министрлиги кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Алгач Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Абдулазиз Камиловдун Бишкекке жумушчу сапары болору такталды.

Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаровдун биринчи расмий иш сапары Россия Федерациясына болду. Кечээ ал өлкөнүн лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бүгүн кыргыз делегациясынын Москвадагы жолугушуусу уланууда.