Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкө парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Ал Садыр Жапаровду өлкөнүн Президенти кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктап, шайлоо процесси атаандаштыкта жана ачык-айкын өткөнүн белгилеп өттү.

Вячеслав Володин Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөр болгондуктан, диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, ошондой эле эки парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга токтолгон Мамлекеттик Думанын Төрагасы өлкөнүн акылман эли өз тандоосун жасаганын кошумчалады. Ал ошондой эле Башмыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ал орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Россиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын, мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстан менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү экендигин эске салды.

Вячеслав Володин өлкөлөрдүн ортосунда түрдүү чөйрөлөрдө потенциалды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп, алар бүгүнкү жолугушуудан кийин мындан да динамикалуу ишке ашат деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгиледи.

Ал өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоого даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө эл аралык мониторинг жүргүзүүдө Россия парламентарийлеринин жигердүү колдоосу үчүн Вячеслав Володинге ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.