«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 2 миллион 163 миң 576 айып салынды. Бул туурасында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда салынган айыптардын 1 миллион 403 миң 467си же 64,9 пайызы төлөндү. Анын суммасы 1 миллиард 527 миллион 330 миң 540 сомду түзөт.

Ал эми Жол кыйымылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов почта кызматкерлери 576 266 айып кагаздын ээсин таба албай ЖКККББга кайтарганын белгиледи.

«Мындан улам артка кайтарылган 323 590 айып кагаздын ээсин өзүбүз таап төлөттүк. Күч колдонуп төлөтүү үчүн сот аткаруучуларга 30 003 иш жиберилген. Ал эми айып пул төлөөгө макул болбой 161 айдоочу кайрылган. Алардын иши учурда каралып жатат», — деди Исраилов.