Кыргыз Республиканын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө   багытталган «Транзит» аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында бир катар  баңги кылмыштары ачылды.

Жүргүзүлгөн «Транзит» атайын операциясынын натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган. Кара-Көл шаарынан аталган кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, андан кендир жыты бар 48 даана таңгакталган зат табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 465 грамм гашиш алынган.

2020-жылдын 18-февралында ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  «Транзит» атайын операциясын жүрүшүндө башка баңги кылмыштары дагы аныкталган. Кыргыз Республикасынын 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кара-Көл шаарында тинтүү иш-чараларын жүргүзүлгөн. Анын  натыйжасында МБКнын (Бажы кызматы) ыкчам кызматтык итти пайдалануу менен 1987-жылы туулган  О.Б. аттуу жарандын  сарайынан 88 граммды түзгөн «гашиш» жана «марихуана»  баңги каражаттары табылып алынган. Андан башка жыйырмадай сайсыз ок атуучу куралдын ок-дарылары алынган.

Мындан тышкары 2021-жылдын 19-февралында «Транзит» операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан дагы башка фактысы аныкталган. МБКнын (Бажы кызматы) ыкчам кызматтык итин пайдалануу менен тинтүү иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында кара куурай өзгөчө жытына ээ зат табылып алынган. Алынган “марихуана” баңги затынын салмагы 6 килограмм 223 граммды түзгөн. Тинтүү иш-чарасы баңгизаттарды сатуучу С.Р. аттуу жарандын жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн, ал азыркы учурда Ош шаарындагы ЖАМКнын  мекемелеринин биринде жазасын өтөөдө.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограммды 771 граммды түзгөн.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы