Айылга эс алууга келген сайын жалгыз жашаган орус кошунабыз Вова чоң атадан кабар алып турам. Ал сүрөттү аябай жакшы тартат. Бала чакта ал сүрөт тартканда кечке жанында карап тура берет элем. Кемпири каза болгондон бери жалгыз жашайт. Апам  менен атам тамакка чакырып турат. Аябай ынтымактуу кошуналардан.

Бул ирет да шаардан келип, апамдар менен чай ичип ал-жай сурашып, атам экөөбүз короо тарапка өттүк. Вова чоң ата да короосунда памидорлоруна суу коюп жүрүптүр. Мени көрүп, бери басты.

– Вова чоң ата ассалом аллейкум! – деп зым тордун үстүнөн кол сундум

– Салам аллейкум! Качан келдиң. Шаар тынчпы?, – деп сурады. Кемин жакта жашаган орустар кыргыз тилин суудай жакшы билишет.  Түшүм тууралуу сүйлөшүп көпкө турдук. Бир кезде, Вова чоң атанын үйү тарапта жаш баланын ойноп жатканын көрүп калдым.

– Небереңиз келдиби? – деп сурадым.

– Ааа, ооба. Тиги Артурдун баласы. Келиним экинчисин төрөгөн. Бул улуусу. Синдром даун дегенди уктуң беле. Ооруйт ошол менен. Келиним менен балам экинчи бала күтүп, мындай баланы караган кыйын экен дешип, келиним бакпайм, интернатка берели дегенде аларды урушуп баланы өзүмө алдым.  Ачуум менен документтерин да өзүмө өткөрүп алдым.  Жалгыз жүрбөй жаныма шерик болот. Анын үстүнө бул да менин каным. Турмушка үйрөтүү керек, – деп оор үшкүрдү. Эки күн айылда эс алып кайра шаарга жол алдым.

Окшош күндөр өтө берди. Жумуш, үй болуп.

Айылга барган сайын кошуналар менен учурашып, чайлашып турабыз. Вова чоң атанын небереси чоңоюп калыптыр. Кадимкидей кол арага жарап, чоң атасына жардам берет экен. Сүрөттү укмуш кооз тартат. Бирок сүйлөгөндө так сүйлөбөй, “Р” тамгасын айталбай “Л” менен алмаштырып сүйлөйт, бою өспөй колдору кичинекей, башы чоң болуп турат. Кантсе да айылда чоңойгон бала тың болот эмеспи. Вова чоң ата билгендеринин баарын талыкпай үйрөтүп турмушка даярдаганы көрүнүп турат.

Кээде айылга келе жатканда, ошол балага краска анан кист, таттууларды  ала келем. Бул жолу да бир аз белек ала келдим. Күн суук. Вова чоң ата эшикте көрүнбөйт түз эле үйүнө кирдим. Мени көргөн небереси эшик ачты.

– Кел, Марат – деп Вова чоң ата жаткан жеринен турду. Бир аз картайып, өңүнөн кете тушүптүр.  Ал-жай сурашып, сүйлөшүп отурдук. Вова чоң ата инсульт алып ооруп калыптыр. Азыр небереси карап жатыптыр.

– Тамак жасайт, үй жыйнайт, – дейт. Мен каза болсом кандай болот, атасы кайра интернатка өткөрүп салабы деп ойлоп жаткам. Кечээ жакында мен ооруганда балам бир досу менен келди. Бизнесмен дейт, чогуу иштешет экен. Неберем экөөбүз тарткан сүрөттөрдү көрүп, жактырып калып 4–5 нү алды. Акчаны да жакшы берди. Артурга банкттан счет ачтырып салдырып койдум. Небереме керек болот. Өзүң карабасаң няня алып карат, интернатка бербе дедим. Айттым бир кезде баш таркан балаң миллионер болгону калды деп. Калган сүрөттөрдү көргөзмөгө коебуз  дешти. Эми ойлонбой өлө берсем болот, – деп күлөт Вова чоң ата.

Үйдөгүлөр менен коштошуп шаарга жол алдым. Жол катар Вова чоң атанын кең пейил анан боорукер экенине баа берип ойлонуп келдим. Эсимде, биз кичинекей кезде кемпири бизге малина терип берип, таттууларды, куймак, пирожки бышырып көтөрүп келе берет эле.  Ушундай жакшы адамдардын ааламдан азайып баратканы өкүндүрөт…