Экс-премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстанга кайтып келүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим мени качып кетти, таза болсо качпайт эле деп ар кандай каралоолор болуп жатат.
Мен ачык кайрылуу кылып коюуну туура көрдүм. 9-октябрь күнү менин жеке өмүрүмө коркунуч болуп, менин унаама ок атылгандыгы, баарыңыздарга айтпасамда белгилүү. Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткенге аргасыз болгом.
Жакынкы арада акыйкаттык орноп, сөзсүз сүйүктүү Кыргызстаныбызга кайтып келем деп толук ишенем.

Урматтуу президент, соттор мен сиздерден ачык айкын сот процесстерин өткөрүүңүздөрдү талап кылам. Себеби мурдагы бийлик саясий куугунтук кылып, эч бир далилсиз камаган, азыркы убакытка чейин байлыктарымды, же чет өлкөлөрдөн банктык эсептерден бир тоголок тыйын, же бирөө-жарым пара бергендигин далилдей алган жок. Бул менин тазалыгымдын белгиси, жана саясий куугунтук экендигинен кабар берет.
Урматтуу президент, мен жеке сизден ачык айкын сот процесстерин өткөрүп берүүңүздү суранам жана талап кылам. Тилекке каршы азыр дагы белгисиз себептерден соттук отурумдар жөнү жок жылууда.

Ачык айкын, адилеттүү соттук териштирүү болсо, менин күнөөм жок экени далилденет да, чыныгы ошол убактагы коррупционерлер, чыныгы ТЭЦке күнөөлүүлөр ачыкка чыгат.

Мен ишенем азыркы бийлик, мурдагы бийликтин катасын кетирбейт деп.
Акылман элибиз баарын көрүп билип турат, жана өз баасын берет сөзсүз.
Терең урматым менен Сапар Исаков”, – деп жазды.