АКШ  Техас штатында болгон катуу сууктан миллиарддаган долларлык чыгымдарга дуушар болду. Кырсыктарды талдоо борборунун Изилдөөчүсү Чак Уотсондун айтымында, жоготууларды 80-90 миллиард долларга баалоого болот.

Анын айтымында, инфраструктурага келтирилген зыян, анын ичинде үшүккө кабылган түтүктөр болжол менен 35 миллиард долларга жетет.

20 миллиардга жакын зыяндын ордун камсыздандыруу компанияларынын төлөмдөрү жабат.

Чак Уотсон АКШнын Федералдык Энергетикалык Жөнгө салуу Комиссиясынын (FERC) алдын-алуу чаралары менен келтирилген зыяндын 90 пайызын болтурбоого болот деген божомолуна макул.

Буга чейин Техастагы акыркы 30 жылдан ашуун мезгилдеги эң катуу сууктан камсыздандыруу компаниялары негизги жоготууга учурагандардын катарына киргени маалымдалган. Эксперттердин айтымында, америкалыктар кайрылган камсыздандыруу дооматтарынын көлөмү 18 миллиард долларга жетиши мүмкүн, бул кадимки орточо жылдык ченден алты эсе көп.