Ушул жуманын дем алыш күндөрү Бишкек шаарынын үч районунда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

12-кичирайон, Токомбаев менен Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде, Раззаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул менен кесилишкен аймагында жана Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп, анда азык-түлүктүн түрү дүң баада сатылат.