Бишкекте түнкү клубдун ди-джейин атып кетишти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-февралда Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөрдүн биринин кире беришинде болгон. Анда «312» аттуу түнкү клубдун ди-джейи атып өлтүрүлгөн.
Шаардык милиция бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатканын маалымдады.