Бишкекте биологиялык активдүү кошулманын (БАД) түрлөрүн жашыруун даярдап сатуу менен алектенген чет өлкөлүк эки жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Каржы полициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар «Сейдене майы», «Зайтун майы», «Омега 3-6-9» деген каражаттарды колго жасоочу жашыруун цех ачып алышкан деп айыпталууда.

Санитардык талаптар сакталбаган шартта, тийиштүү уруксаат документи жок иштеп жаткан цехтин ээлери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «мыйзамсыз ишкерлик» деген беренесинин негизинде катталды.

Финпол колго жасалган мындай продукция экономикага гана зыян келтирбестен адамдын ден соолугуна да залакасын тийгизээрин эскертүүдө.

Биологиялык активдүү кошулмалар расмий медициналык каражат болуп эсептелбейт.