Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 25-28-февраль күндөрү Киев шаарында (Украина) өтөт.

Аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда төмөнкү курамда катышат:

Айсулуу Тыныбекова 62 кг;

Айпери Медет кызы 76 кг;

Мээрим Жуманазарова 68 кг;

Назира Марсбек кызы 57 кг;

Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу.

Белгилүү болгондой, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан мелдешке  жөнөтүлдү.