Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

1992-жылы 26-февралда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Атайын багыттагы отряд түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келүүдө.

Полктун атайын операциялар отрядынын өздүк курамы 1999-2000-жылдары республиканын түштүгүндө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда бандиттик түзүлүштөрдү жок кылууда жана 2005, 2010-жылдары мамлекетибизде жана өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн баш аламандуу окуяларда коомдук коопсуздукту камсыздоого активдүү катышып, өздөрүнүн кыраакылыгын, кесиптик даярдыгын жогорку деңгээлде аткарган.

Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери эң бай кесиптик  тажрыйбага ээ. Себиби, атайын операциялар отрядынын кызматкерлери өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча  жүздөгөн операцияларды ишке ашырган.

Полктун атайын операциялар отряды аймактагы жасалган эң оор кылмыштардын бетин ачууда куралдуу кылмышкерлерди кармоо операциясын жүргүзүп тургандыктан, бул жакта ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарда аракеттене билген жогорку даярдыктагы кызматкерлер кызмат өтөшөт. Ошондуктан алар күн сайын ок атуу боюнча машыгууларды тынымсыз өткөрүп,  ар тараптан күтүлбөгөн окуяларга даяр болууга машыгып күжүрмөн кызматтык милдеттерин жогорулатып келет.

Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында ички иштер министрлигинин 2018-жылдын 23-авгусундагы буйругунун негизинде тез чара көрүү отряды ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун карамагына өткөрүлүп, атайын операциялар отряды болуп өзгөртүлгөн. Өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктоого ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Урмамбетов Октябрь Жолдошевич, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрөгасы милициянын отставкадагы полковниги  Жоошбаев Султан Жоошбаевич, полктун командири милициянын полковниги Султаналиев Аскат Ишенбаевич, полктун мурдагы командири, ардагер, милициянын отставкадагы полковниги Мурзаев Джамалдин Сапарович, полктун атайын операциялар отрядынын мурдагы командирлери, ардагерлер жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары келишти.

Иш-чара кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлердин эстелигине гул коюп,  аларды 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министринин жана Чуй облусунун ОИИББдин  буйругу окулуп, кызматык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды.

Андан кийин куттуктоо сөзүн менен ички иштер министринин орун басары  Октябрь Урмамбетов айтты.

“Жолдош кесиптештер, ардагерлер жана коноктор! Ички иштер министринин  жана өзүмдүн атымдан Сиздерди бүгүнкү салтанаттуу күнүңүздөр менен чын дилимден куттуктаймын. Бүгүнкү күндө полктун атайын операциялар отрядынын кызматкелери зор тажрыйбага ээ жана алар күжүрмөн кызматтык тажрыйбаларын ар качан бекемдеп келет. Мамлекетибиздин коомдук тартибин,  жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө эл-журтбуздун алдында берген антына бек туруп өз өмүрүлөрүн аябай тобокелге салып ар качан күтүлбөгөн тамшырмаларды так, туура жана  жоопкерчиликтүү аткарып келүүдө. Ошондой эле кызмат учурунда өз жанын аябай курман болгон кесиптештерибиздин жасаган эрдиктерине таазим этип эскерип кетели. Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери өлкө аймыгында өткөрүлүп жаткан ар тараптуу машыгууларга катышып бай тажрыйба топтоп өздөрүнүн жоопкерчилигин дагы жогорулатып ишин арттырат десек болот.

Урматтуу кесиптештер! Баарыңыздарды дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, Кыргыз мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө арналган кызматыңыздарды чоң жетишкендиктер коштоосуна тилектешмин!”,-деп куттуктоо сөзүн жыйынтыктады Октябрь Урмамбетов.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы