Каныбек Сагынбаев Эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев Каныбек Сагынбаевди эмгек жамаатка тааныштырды.

Сагынбаев Каныбек Калыгулович 1985-жылы 11-ноябрда төрөлгөн. Бильярд боюнча спорт чебери, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону (2007, 2010, 2014).

Буга чейин олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин Айша Карымшакова жетектеп келген.