Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров боюнча билдирүү жарыялады.

“Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кытай реформатору Дэн Сяопин:
«Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду», – деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот”, – деди Садыр Жапаров.