2020-жылдын 9-10–ноябрга караган түнү Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Он беш-Жаш айылынын тургуну Ж.Н.нын 1 баш торпогун, ошол эле айылдын тургуну Ж.Н.нын короосунан 8-ноябрга караган түнү 2 баш торпогун, 2021-жылдын 25-24-январга түнү Ана-Кызыл айылынын тургуну П.М.нын мал сарайынан 16 баш койлорун, 2020-жылдын 20-ноябрь күнү Бостон айылынын тургуну Ж.Ж.нын короосунан 3 баш кою, ушул эле жарандын 2020-жылдын 23-декабрь күнү 3 баш коюн белгисиз атуулдар жашыруун түрдө уурдап кетишкен.


Жогорудагы аталган кылмыштар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Өзгөн РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча Өзгөн РИИБдин тергөө кызматынын атайын тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында ыкчам маалыматтын негизинде жогоруда аталган кылмыштарга шектүүлөр Бишкек шаарында издерин жашырып жүрүшкөн жеринен 2021-жылдын 12-февралында Өзгөн РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кармалган шектүүлөр: Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Он беш-Жаш айылынын тургундары 20 жаштагы А. уулу А. жана 22 жаштагы К. уулу Б., Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 22 жаштагы К. уулу Б., Өзгөн районунун тургуну 22 жаштагы Э.Б.М.. 2021-жылдын 13-февраль күнү шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Жазык-процесуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган мал уурулук сотко чейинки кылмыш иштери боюнча келтирилген чыгым 342,000 сомду түзүп, 23 баш кой, 3 баш кара мал уурдалган. Бүгүнкү күндө аталган шектүүлөрдүн андан башка дагы 10 факты мал уурулукка шектелишип ыкчам тергөө тобу түзүлүп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы