Баткен облусунда 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар көрүлүүдө.
Жалпы 218 шайлоо участкасынын 201 шайлоо участкаларында 27 айылдык, 6 шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.
Депутаттар үчүн жалпы 743 мандат болсо, анын 166 шаардык кеңештерде, 577 айылдык кеңештерге шайланат.
2021-жылдын 25-февралына карата аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөн 214 талапкерлердин документтери, ал эми шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн 8 партиядан тиешелүү документтер кабыл алынды.
18-февралга карата жалпы шайлоочулардын саны 278485 түздү.
Учурда облус аймагындагы 201 шайлоо участкаларына шайлоочулардын алдын ала тизмелери илинди.
Облуста Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын календардык планына ылайык иштер алып барылууда.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы