2021-жылдын 25-февраль күнү аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп жашоочуларга кыйынчылык жаратты. Шарты катаал Чоң-Алай районунда бороон болуп, тез тезден жол тосулуп, суукта жаш балдары менен узак жолго чыккан жолоочулардын авто унаалары бузулуп, жолдо калган жарандарга Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан жакындан жардам берилүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жатышат.
Андан тышкары, райондун аймагында каттаган коомдук транспорт жана эл ташыган такси кызматын көрсөткөн жеңил автоунаалардын айдоочулары жана жүргүнчү ташуучу шаар аралык каттамдарда каттаган жоопкерчилиги чектелген уюмдардын айдоочуларынын катышуусу менен Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, карама- каршы тилкеге чыкпоо жана түнкү убакытта өтө сак болуулары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин сактап, одоно бузуулардан алыс болууга чакырат.
Чоң-Алай районунун аймагында эки күндөн бери бороон болуп жатат. Азыркы учурда жол тейлөө кызматы жолдорду тазалоодо.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы