Мындай пикирин коомдук активист Талантбек  Аалиевич фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында,  Бишкек шаарындагы 29-мектептин директору  Кадыров Бактияр мектепке  анча мынча эле келет. Анын ордуна жубайы Кадырова Мадина Жураевна директорлукту аркалап иш алып барат.

“Бишкек шаарындагы 29-мектептин директору Кадыров Бактияр Сабиржанович 30 жылдан бери коррупциялык системаны түзүп, директор болуп отурат экен. Мугалимдердин жана ата энелердин айтуусу боюнча, Кадыров Бактияр мектепке деле анча мынча эле келет экен. Анын ордуна жубайы Кадырова Мадина Жураевна директорлукту аркалап иш алып барат экен. Кагаз жүзүндө күйөөсү бирок иш жүзүндө аялы иштеп жатат. Ушуга окшогондор коррупциялык системаны түптөп алышып карапайым элдин акчасын шоруп келе жатышат. Шаардын мэри ушуга окшогон жетекчилерди иштен алып, жаш жаны иштеймин деген кадрларды алып келсе жакшы болот эле. Негизи билим берүү тармагында канча жылдан бери директор болуп отурган өтө көп жетекчилер бар. Эмне директорлук кызмат аларга атасынан калган мурас бекен, жылбай канча жылдан бери отургудай. Жаңы келген өкмөт башчы сиз дагы ушуга окшогон маселелерге көңүл буруп койсоңуз жакшы болот эле.

Жакынкы күндөрү көп жылдан бери, бир жерде иштеп жаткан директорлорго каршы уюм түзүлүп жатат. Эгерде кимде ким мыйзам чегинде мектептеги коррупциялык иштер менен күрөшөбүз жана ачыка чыгарабыз дегендер болсо, биз менен байланышыныздар»,-деген коомдук активист.