Ысык-Көл ОИИБи: Туристтик милициянын кызматкерлери тоӊуп калган адамдын өмүрүн сактап калышты.

26-февралда болжол менен саат 10.30 чамаларында Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик милициянын кызматкерлери, бекитилип берген багытында казмат өтөп жатышкан. Каракол шаарынын эс алуу багынан өтүп бара жаткан учурда, алардын көӊүлү отургучта жаткан туруктуу жашаган жери жок эркек адамга бурулат. Сырттагы абанын температурасы -8 градустан төмөн болуп, муздак шамал согуп тургандыктан жана жаткан адамдын кийимдери кыроо басып калгандыктан, милиция кызматкерлери жардамга муктаждыгын билүү үчүн токтотушкан.

Көрсө, ал көп убакыттан бери тышта жатып тоңуп калгандыктан, араң сүйлөп, манжаларын эптеп кыймылдатууга күчү жетпей калыптыр.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик взводунун инспекторлору милициянын лейтенанты  Элеман Сагынбаев, милициянын кенже лейтенанттары Берик Китатов жана Нурзада Иманбаевалар тоӊуп калган адамга биринчи жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чыкырышкан. Тез жардам кызматы келгенче, милиция кызматкерлери ага ысык чай беришип, анын денеси тез жылып кетүүгө аракет көрүп жатышты.

Чакырылган жерге келген тез жардамдын дарыгерлери ага медициналык жардам көрсөтүшүп, милиция кызматкерлери менен бирге Кызыл жарым ай коомунун алдындагы жайга жеткиришкен.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы