Кылмыш-кырсык

Чүйдө жайыттан мал айдап келүүгө кетип, дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылды

Чүйдө жайыттан мал айдап келүүгө кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан  келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келиндин жансыз денеси кечээ, 26-февраль күнү саат 18:30 чамасында Жел-Арык жайлоосунан табылган.

«Азыркы учурда жансыз денеге карата тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча келин кулап түшүп, андан ары эсин жоготкон», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, буга чейин, 22-февралда Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эместиги кабарланып, ал издөөгө алынган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button