Социалдык тармактарда, өзгөчө ватсап группаларды ата-энелер  өлкө башчы Садыр Жапаровго жолдогон кат байма-бай тарап жатат. Анда ата-энелер өкмөттөн интернет тармактарында кеңири тараган Пабжи, Майнкрафт оюндарына катуу тыюу салынсын деген талаптарды коюшкан.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

«Саламатсызбы Садыр Нуркожоевич.

Азыркы убакта балдарыбыздын келечеги жок болуп кетүү коркунучунда турат. Интернет булактарына тарап кеткен Пабжи, Майнкрафт. Атышуу,, өлтүрүү, бирин бири кубалоо, сөгүнүү, тебишүү ,сайышуу оюндардын айынан балдарыбыз сабакка көңүл бурбай калышты. Ата энени киши оордуна көрбөй калышты. Мугалимдерди жетекчи катары тоготпой калышты. Балдарыбыздын психикасы бузулуп нервный болуп баратышат. Ата энеге кол кабыш кылуу, жардам берүү дегенди билбей жалаң эле колдорунан телефон түшпөй калган заманга жеттик. Көчөдө чана тээп топ ойногон, чүкө ойногон бала көрбөйсүң. Физический кыймыл аракет жок ар кайсы бурчта тел чукулап отурушат. Жумшасаң азыр дегенден башканы билишпейт. Өздөрүнчө нерв болушуп сөгүнүп сагынып нервтенишип, психологиясы бузулуп, сабак окуйун, ата энеге кызмат кылайын деген бирөө жок. Телефон менен уктап телефон менен туруп калды. Өкмөт бир чара көрбөсө балдардын келечеги кандай болот. Ушуну баардык группаларга таркатып тургула. Фейсбук, инстаграм Ватцап баракчаларына таркаткыла. Өкмөт катуу тыюу салсын. Баардык оюндарды, уят кинолор өчүрүлсүн. Группаларга таркатып койгулачы сураныч.

Балдарыбыздын келечегин ойлойлу ата энелер”-деп жазылган катта.