Бүгүн, 27-февралда Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучулары эскерүү боюнча эл аралык турнирдин экинчи күндүк беттештери өтүүдө.

Турнирде Кыргыз өлкөсүнүн атынан 62 килограмм салмакта катышкан белгилүү балбан кыз Айсулуу Тыныбекова венгриялык атаандашын 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Буга чейин, Кыргыз өлкөсүнүн атынан 76 килограм салмакта катышкан Айпери Медет кызы канадалык балбан менен килемге чыгып, атаандашын  жеңип турнирдин финалына чыккан.